Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институту: «ЖМК жөнүндө мыйзам» кайра иштелип чыгуусу керек

Кыска кабар | 31 Окт 2023 | 347 | 0

Бүгүн, 31-октябрда Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоору боюнча Акыйкатчы институту уюштурган тегерек стол өтүүдө.

Иш-чарага Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаттары, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве жана мамлекеттик, эл аралык, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Акыйкатчы институтунун маалыматында: «Акыйкатчы институту «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууну сунуштайт. Мыйзам долбоорунда эл аралык укук жана жалпы таанылган принциптерге карама-каршы келген ченемдерди алып салуу зарыл»,-деп айтылат.

ЖМК жөнүндө мыйзамды президенттин администрациясы даярдаган. Бул мыйзамдын долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, адам- укуктарына каршы келээрин эл аралык уюмдар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү айтып келишүүдө.

Ал эми мыйзам долбоордун авторлору жогоруда айтылгандарды четке кагып келишет.

Copyright © 2017 Maral FM