Биз менен байланышыңыз

Жаңы мыйзам: Кумар оюндарынын баары бир аймакка бириктирилет

Коом | 30 Окт 2023 | 543 | 0

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген Экономика жана коммерция министрлигинин мыйзам долбоорун карады. Долбоорго ылайык, кумар оюндарынын бардык түрү бир гана аймакка чогултулат. Тагыраагы, оюн автоматтары, букмекердик кеңсе, тотализаторлор казинонун аймагында, бирок өзүнчө бөлмөлөрдө жайгаштырылат. Кожоюну да бир адам болуп эсептелет. Мындагы максат оюн-зоок ишмердигин көзөмөлдөөнү көздөйт.

Тармактык комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Талкуунун жүрүшүндө айрым депутаттар өлкөдө онлайн казинолор көбөйүп жатканына тынчсызданууларын билдиришти.

Кумар оюндарынын бардык түрү бириктирилип, казино жайгашкан аймактын ичине киргизилет. Бүгүнкү күндө букмекердик кеңселердин, тотолизаторлордун лицензиялары чакыртылып алынган. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев комитеттин жыйынында билдирди.

Министр мыйзам долбоордун максаттары тууралуу буларга токтолду:

«Бул мыйзам өлкөдөгү оюн-зоок ишинин түрлөрүн бир жерге жайгаштыруу, топтоо, алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө максатында иштелип чыкты. Аталган мыйзам долбоорунун милдеттери: оюн-зоок ишин уюштуруучуларга мамлекеттик көзөмөлдү жөнгө салуу, инвестицияларды тартуу, турукташтыруу үчүн ыңгайлуу шартарды түзүү болуп саналат. Мыйзам долбоорунда айтылгандай, оюн автоматтары, букмекердик кеңсе жана тотализаторлор казино жайгашкан оюн аймагында болуп, бирок өзүнчө бөлмөгө жайгаштырылат. Ошол эле убакта казино жана оюн автоматтары коюлган зал бир оюн-зоок аймагы катары эсептелип, кожоюну да бир адам болот».

Министр депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстандын жарандары казиного кире албасына кепилдик берди.

«Эгерде биздин жарандар казиного барса, кумаркананын лицензиясы жокко чыгарылат. Ошентип, «кумарканага уруксат алуу үчүн төлөнгөн 84 миллион сомумду жоготуп албайын» деп буга жол бербейт. Учурда бул боюнча иштеп жатабыз. Биз кумар оюндарын көзөмөлдөөнү Санариптик өнүктүрүү министрлигинен толугу менен Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматына өткөрүп бердик».

Букмекердик кеңсе, тотализатор, оюн автоматтар залы казинонун аймагында болгону менен алар өзүнчө лицензия алышат. Букмекердик кеңселер лицензияны 2022-жылы 250 миң сомдон, 2023-жылы 350 миң сомдон алып келишкен. 2024-жылы 500 миң сом болот. Ал эми автоматтык оюн-зооктун лицензиясы 2023-жылы 10 миң сом болгон, 2024-жылы 15 миң сомдон каралат.

Депутат Айсара Абдибаева мыйзамга баарын так-анык жазуу керектигин айтты. Ошондой эле бүгүнкү күндө онлайн казинолор да көбөйүп кеткенин, аларды толук жабуу зарылдыгын белгиледи.

«Бизде азыр онлайн-казино бар. Ээси кайда десең, Европада, чет өлкөлүк болгон болот. Буларды мыйзамдын негизинде так эле жабуу керек. Муну жарым-жартылай жабуунун кереги жок. Себеби анын пайдасы башка жакка кетип жатат, а зыяны бизге тийип жатат».

 Экономика жана коммерция министрлигин өкүлү бул маселе боюнча мындай жооп берди:

«Бул жерде банктар менен тыгыз байланыш болушу керек. Акча бирдик катары эмес, накталай сакталышы зарыл. Онлайн-казино боюнча бизде РСК-банк иштейт, банктык картаны алгандан кийин ал жакта процесстер өтө татаал экен. Ар ким эле кирип каттоодон өтө албайт, бир гана чет өлкөлүк жарандар кире алат. Бул боюнча мыйзамда так жазылган». 

Жыйында депутат Марлен Маматалиев мындай жайларга кыргыз жарандарын киргизбөө үчүн да кошумча чаралар көрүлүп жатканын, тийиштүү мыйзам долбоору жакында сунушталарын айтты:

«Казинолор, тотализаторлор баары бир жерде болот. Эгер ал жерге кыргыз жараны кирсе, бир жагынан, ишкердин лицензиясы алынып, өзүнө айып пул салынат; экинчи жагынан, ойногону барган кыргыз жараны 2-5 жылга эркиндигинен ажыратылат. Ошондо бир да кыргыз ал жерге кирбей калат эле». 

Амангелдиевдин айтымында, тогуз айдын ичинде эки казинодон 80 млн 600 миң сом, букмекердик кеңселерден 3 млн 6 миң сом түшкөн.

Кыргызстанда азыр чет өлкөлүктөр үчүн ачылган эки казино иштеп жатат. Казино ишмердигине 2012-жылдын 1-январында салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдиктер казиного киргизилбейт. Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 млрд сомго жакын акча түшөрүн билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM