Connect with us

Аткезчилик жол менен Тажикстандан спирт ташып жүргөн адам кармалды

Кыска кабар | 30 Окт 2023 | 549 | 0

Баткенде Тажикстандан аткезчилик жол менен спирт ташып келип жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облустук милициясынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миргация менен күрөшүү бөлүмүнө айтылган адам боюнча маалымат түшкөн. Ыкчам чаралардын жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасынан 1 тонна 150 литр спирт жүктөп келаткан адам кармалган.

Алдын ала тергөөдө анын Лейлек районунун 27 жаштагы тургуну экени, эч кандай документи жок, мыйзамсыз жол менен Тажикстандан Кыргызстанга спирт алып өтүп, сатып жүргөнү белгилүү болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) менен иш козголуп, алынган жүккө экспертиза дайындалган. Эксперттер анын 95% этил спирти экенин аныктап беришкен.

Учурда тергөө жүрүп жатканы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM