Жогорку Кеңеш 25-октябрда Надира Нарматова баштаган депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында 52 депутат «макул», жетөө «каршы» добуш берген. 13 депутат добуш берген эмес, 18 депутат жыйында болгон эмес.
«Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун Надира Нарматова демилгелеген. Мыйзам долбоорунун демилгечилери катары 32 депутат көрсөтүлгөн. Кийин демилгечи топтон бир катар депутаттар чыгып кеткен.
«Чет элдик өкүл» мыйзамын кайсы депутат колдоп, ким каршы чыкты?