Connect with us

Аба ырайы: 31-октябрда жаан жаайт

Кыска кабар | 30 Окт 2023 | 303 | 0

Кыргызстанда 31-октябрга караган түнү жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, эртең менен жана күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +7…+12,

Талас облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +7…+12,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +14…+19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +10…+12 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM