Кыргызстанда 31-октябрга караган түнү жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаашы мүмкүн.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, эртең менен жана күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +7…+12,
Талас облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +7…+12,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +14…+19,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +10…+12 градус жылуу болот.