Connect with us

Ошто жасалма ичимдик даярдап сатууга шектүүлөр кармалды (сүрөт)

Кыска кабар | 30 Окт 2023 | 587 | 0

Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен жасалма спирт ичимдиктери табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Оштогу жеке менчик үйлөрдүн биринде мыйзамсыз спирт ичимдиктери сакталары тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө Ош шаарында эки жаран ижарага алган турак үйүндө Өзбекстандан жана Тажикстандан аткез жол менен келген спирттен арак жана коньяк жасашары аныкталган. Бул мыйзамсыз өндүрүм ал жерден Ош, Кара-Суу, Өзгөн базарларындагы кампаларга жеткирилип, алар аркылуу дүкөндөргө, башка соода жайларына сатылып келген.

Топтолгон материалдардын негизинде октябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) менен иш козголуп, шектүүлөрдү кармоо, кылмышка бөгөт коюу чаралары иштелип чыккан.

27-октябрда соттун чечими менен ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-бөлүмү айтылган үйгө тинтүү жүргүзүп, 1613 литр, 950 грамм ичимдик: 889 литр спирт, 724 литр 950 грамм арак жана коньяк табышкан. Андан тышкары сатууга даярдалган 1390 бөтөлкө алкоголдук ичимдик, 860тан ашык 100 граммдык бөтөлкө, 780ден ашык жасалма акциздик марка, 10 миң 200дөн ашуун бөтөлкөнүн капкагы алынган.

Жасалма өндүрүмдөр боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, шектүүлөр Ош шаарынын 1969-жылы туулган тургуну К.Г., Кара-Кулжа районунун 1988-жылы туулган тургуну Т.А. камакка алынган.

Бул мыйзамсыз ичимдиктер экспертизанын корутундусу жана соттун чечими менен жок кылынат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM