Connect with us

«Айыл чарбасын каржылоо — 11». 3,3 млрд сом насыя берилди

Кыска кабар | 30 Окт 2023 | 299 | 0

Быйылкы жылдын 26-октябрына карата «Айыл чарбасын каржылоо — 11» долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 3,3 млрд сом насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда. Учурда өлкөнүн 7 миң 312 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 млрд 283,9 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди.

Белгилей кетсек, ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык жана агрардык өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттик ресурстар менен камсыздоо максатында 2013-жылдан баштап өкмөт «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун циклин ишке ашырып жатат.

Долбоорду ишке ашырууну улантуу максатында Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен «Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоору бекитилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM