Бишкектеги эки конушта 31-октябрь күнү суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Мурас-Ордо конушунда саат 09:00дөн 20:00гө чейин, Калыс-Ордо конушунда саат 09:00дөн 15:00гө чейин суу жок болот.
Муниципалитеттен мындай чара Мурас-Ордо, Калыс-Ордо суу алгычтардагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу экенин айтышты.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.