Биз менен байланышыңыз

Түркия 100 жылдыгын белгилеп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2023 | 590 | 0

Бүгүн, 29-октябрда Түркия 100 жылдыгын белгилеп жатат. Президент Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик кызматкерлер менен бирге Түркия Республикасынын негиздөөчүсү, Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү жаткан Аныткабирге барат.

Деңиз флотунун тарыхындагы эң чоң парад Түркия убактысы боюнча саат 17:00дө Босфор кысыгында өткөрүлөт. Парадга өзгөчө TCG Анадолу баш болгон 100 кеме катышат.

Кемелерди Түрк жылдыздары жана SOLOTÜRK да болгон 20 согуштук учак коштойт.

Президент Эрдоган парадга катышып, саат 19:23тө 100 жылдык мааракелик кайрылуусун жасайт.

Бүгүн Түркиянын шаарларынын борбордук жана экинчи көчөлөрү жарым ай жана жылдыздуу кызыл желектерге толуп, бардык жерде биринчи президенттин сүрөттөрү илинди.

Ансыз да Ататүрктүн сансыз эстеликтери, сүрөттөрү көчөлөрдү, мекемелерди, жеке дүкөндөрдү, кафелерди жана башка мекемелерде илинип турса да октябрь айында алардын саны адаттагыдан көп болот.

Стамбулдагы кээ бир коомдук имараттарга 1923-жылдын стилинде майрамдык жарыктандыруу орнотулган.

1923-жылы 29-октябрда Түркия Республикасы жарыяланган; Улуу Улуттук Жыйын Мустафа Кемалды биринчи президент кылып шайлаган.

Бул күнү Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Кемал өлкөнүн 1921-жылы кабыл алынган Конституциясынын алты беренесине өзгөртүү киргизген. Конституциянын жаңы редакциясы биринчи жолу өлкөнүн башкаруу формасын ачык көрсөткөн.

«Бир күнү менин денем сөзсүз топуракка айланат. Бирок Түркия Республикасы түбөлүк жашайт». Мустафа Кемал Ататүрк.

Copyright © 2017 Maral FM