Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Казакстандын президентине көңүл айтты

Кыска кабар | 29 Окт 2023 | 381 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчы Кыргызстандын элинин жана өзүнүн атынан Казакстан элине Караганда облусундагы Костенко шахтасындагы жарылуудан улам адамдар курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Ал каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайраттуу болушун, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин тиледи.

Садыр Жапаров бул оор учурда Кыргызстан боордош Казакстан элинин жанында экенин белгиледи.

Жарылуу 28-октябрга караган түнү «АрселорМиттал Темиртау» акционердик коомуна караштуу шахтада болгон. Президент Касым-Жомарт Токаев өкмөткө компания менен инвестициялык кызматташууну токтотууну тапшырды.

Жарылуудан каза болгондордун саны 29-октябрга карата 35ке жеткенин өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 11 шахтерду издөө иштери уланууда.

Токаев 29-октябрды каза болгон шахтерлор үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Каза болгон жана жабыркаган шахтерлордун үй-бүлөлөрү менен жолугуп, ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү убада кылды.

Copyright © 2017 Maral FM