Биз менен байланышыңыз

Казакстанда Аза күтүү күнү жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2023 | 312 | 0

Президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Аклыбек Жапаров 29-октябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Караганда облусундагы көмүр кениндеги жарылуудан улам көңүл айтышты.

Президент каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайраттуу болушун, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин тилеп, бул оор учурда Кыргызстан боордош Казакстан элинин жанында экенин белгиледи.

Казакстандагы Костенко шахтасында болгон жарылуудан каза болгондордун саны 29-октябрга карата 35ке жеткенин өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 11 шахтерду издөө иштери уланууда. Куткаруу иштерине 10 тоо-куткаруу бөлүмү тартылган.

Жарылуу 28-октябрга караган түнү «АрселорМиттал Темиртау» акционердик коомуна караштуу шахтада болгон. Президент Касым-Жомарт Токаев өкмөткө компания менен инвестициялык кызматташууну токтотууну тапшырды.

Токаев 29-октябрды каза болгон шахтерлор үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Каза болгон жана жабыркаган шахтерлордун үй-бүлөлөрү менен жолугуп, ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү убада кылды.

Copyright © 2017 Maral FM