Биз менен байланышыңыз

Түптө президенттин атасынын атына коюлган жаңы мечит ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 28 Окт 2023 | 230 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун Кең-Суу айылындагы мечиттин ачылышына катышты.

Президенттин атасынын атына коюлган «Мусталый уулу Нургожо Ажы» атындагы 1500 орундуу жаңы мечит эскисинин ордуна «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фондунун каражаттарынын эсебинен курулган. Бүгүнкү күндө анын айланасын көрктөндүрүү иштери аяктады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү Ислам динин карманарын жана кыргыздардын жүрөгүндө Жаратканга ишеними бекем экенин белгиледи.

Садыр Жапаров жаңы мечит коомдо тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөгө себепкер болот деген ишенимин билдирип, жаштарды руханий адептүүлүккө, ислам дининин чыныгы баалуулуктарына умтулууга чакырды.

Президент жаңы ачылган объект ыймандуулукка, мекенчил болууга, Ата Мекенине, эл-журтуна камкор мамиле кылууга чакырган борбор болоруна бекем ишенет.

Мамлекет башчысы заманбап мечиттин курулушун колдоп, ибадат кылууга жана динди окуп үйрөнүүгө бардык зарыл шарттарды түзгөн Саид Баюми жетектеген кайрымдуулук фондуна жеке өзүнүн жана айыл элинин атынан ыраазычылык билдирди.

Соңунда Президент Садыр Жапаров кыргыз элинин бакубатчылыгы жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн дуба кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM