Биз менен байланышыңыз

Жакында АКШга берилүүчү визанын мөөнөтү узарат жана төлөмү азайтылат

Кыска кабар | 28 Окт 2023 | 199 | 0

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча бюросунун жардамчысы Доналд Лу менен жолугушту. Анда эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери жана кыргыз-америкалык мамилелерди чыңдоо тууралуу сүйлөшүү жүргүздү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Бакыт Аманбаев эки өлкөнүн жарандары үчүн берилүүчү ишкердик жана туристтик визаларынын мөөнөтүн беш жылдан 10 жылга чейин жогорулатуу жана виза жыйымдарын төмөндөтүү боюнча буга чейин макулдашылган иш-чараларды ишке ашырууну тездетип берүүнү өтүндү. Ошондой эле Бакыт Аманбаев өлкө жетекчилигинин коррупцияга жана кылмыштуу топторго каршы күрөшүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, америкалык тарапка Кыргызстандын соода-экономикалык потенциалын жана инвестициялык климатын жакшыртуу багытында биргелешип иш алып баруу боюнча өз сунуштарын ортого салды.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Доналд Лу Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин бардык багыттар боюнча аракеттерин жогору баалап, жогоруда аталган маселелер боюнча келечекте биргелешип иш алып баруу боюнча өз сунуштары менен бөлүштү.

Ошондой эле Лу виза маселеси боюнча аткарылып жаткан иш аракеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу кызматкерлерге ишти тездетүүнү тапшырды. Андан аркы сөзүндө Мамлекеттик катчынын жардамчысы америкалык тарап эки өлкөнүн көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун чыңдоого багытталган эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар жана даяр экенин баса белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM