Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 18 кризистик борбор иштеп жатат

Кыска кабар | 28 Окт 2023 | 159 | 0

Өлкө боюнча 18 кризистик борбор үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кризистик борборлор аялдарга медициналык, психологиялык, укуктук жана социалдык жактан жардам көрсөтүп, убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырышат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул борборлорду мамлекеттик социалдык заказ аркылуу каржылоо аркылуу колдоого алат. Беш жылдын ичинде каржылоо жылына 5,4 миллион сомдон 7,0 миллион сомго чейин көбөйтүлдү. Каржылоо баш калкалоочу жайларды, реабилитациялык программаларды колдоого жана аялдарды ишке орноштуруу программаларына тартууга багытталган.

Мындай борборлордун ишинин мисалы катары Министрликтин колдоосу менен аялдарга жана кыздарга психологиялык, укуктук жана социалдык жактан жардам көрсөтүп келе жаткан Нарын районундагы «Теңдеш» коомдук бирикмесин айтсак болот.

Бишкекте зордук-зомбулукка кабылгандар “Аялзат” муниципалдык борборуна кайрылса болот.

Учурда, Министрлик сексуалдык кылмыштардын курмандыгы болгон аялдарга жана кыздарга комплекстүү кызмат көрсөтүү максатында, б.а. медициналык, консультациялык, социалдык, психологиялык, укуктук колдоо, ошондой эле зомбулуктун курмандыктарына тергөө чөйрөсүндө «Бирдиктүү терезе» аркылуу колдоо көрсөтүүнү максатында өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен мамлекеттик кризистик борборун ачууну пландаштырууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM