Биз менен байланышыңыз

БУУ Израил менен ХАМАСты тынч сүйлөшүүгө чакырган резолюция кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Окт 2023 | 462 | 0

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Израил аскерлерин жана ХАМАСты ок атууну токтотууга чакырган резолюция кабыл алды.

БУУга Иордания Израилдин Газаны бомбалоосун токтоткон жана Газадагы ХАМАС кыймылыны да ок атууну токтотууга чакырган резолюцияны сунуштаган. Ага добуш берүү 27-октябрдын кечинде болуп өттү. Резолюцияны БУУдагы 120 өлкө колдоду. Анын ичинде Борбор Азиядан Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан да колдоду. Түркмөнстан добуш берүүгө катышкан жок. Ошондой эле, Түркия, Орусия, Иран, Кытай өлкөлөрү да ок атууну токтотууга чакырган резолюцияга добуш берди. Ал эми 14 өлкө каршы добуш берди. Алар: Израил, АКШ, Австрия, Венгрия, Хорватия, Чехия, Гватемала, Парагвай, Фижу аралдары, Папуа-Гвинея, Тонго, Науру, Исландия аралдары.

Ал эми Германия баштаган дагы 45 өлкө добуш берүүдөн карманышты.

Океаниядагы Австралия баштаган алты өлкө каршы добуш берди. 45 өлкө калыс калганын билдиришти. Бир нече өлкө добуш берүүгө катышкан жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM