Connect with us

9 айда расмий жумушсуздардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 6,2% га кыскарды

Кыска кабар | 28 Окт 2023 | 397 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында расмий жумушсуздардын жалпы саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,2% га кыскарган.

Жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0,4% га төмөндөгөн. Жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, эң жогорку деңгээли – Баткен жана Жалал-Абад облустарында сакталууда.

Жыл башынан бери ишке орноштуруу кызматтарына 119,6 миң адам кайрылып, дээрлик 70% Эмгек жана иш менен камсыз кылуу мыйзамдары, кесип тандоо боюнча кесиптик жана кайра окутуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңештерди алышкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM