Биз менен байланышыңыз

«Пахта 58 сомдон». Кара-Суудагы дыйкандар эмгеги акталбай жатканына нараазы

Коом | 27 Окт 2023 | 689 | 0

Кара-Суу районунда элдин көбү кирешесин пахтадан табышат. Терим башталганы өтө арзан болуп, туруктуу баа чечилбей жатканына нааразылыгын билдирген район тургундары «Маралга» кайрылышты. Алардын айтымында, бул жылы заводдор пахтаны 50-60 сомдун тегерегинде баалап жатышат. Бул сумма карызга батырарын белгилешет дыйкандар. 

Алардын негизги талабы: мамлекет пахтаны 100 сомдон кем эмес баада чечип берсе. Маселе буга чейин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлүп, дыйкандардын эмгеги талаада калып жатканын эл өкүлдөрү билдирген. Ал эми Айыл чарба министри бул маселе каралып жатканын маалымдады.

КАНТИП ЖАШООНУ БИЛБЕЙ КАЛДЫК

Кара-Суу — дыйканчылык менен алектенген райондордун сап башында. Учурда аларды пахтанын баасы түйшүккө салууда. Жеңиш Элчибаев көп жылдан бери дыйканчылык менен алектенип, пахта өстүрүп келет. Күз мезгили келип, «ак алтын» терилип, кампага кирген кезде баасы чечилбей, дыйкандардын айласын кетирип жатканын айтты.

«Пахтанын түшүмү жакшы эле болду. Бирок баасы начар болуп жатат. Кантип жашоону да билбей калдык, кимге кайрылууну да билбей турабыз. Мамлекет көңүл буруп, биздин маселени чечип берсе жакшы болмок. Күн ысыкта алты-жети ай кылган эмгегибиз акталбай калуу коркунучунда турат. Базарда мал арзан, пахта арзан, башка нерселер кымбат. Карызга батып калдык, бул баа менен кетирген чыгымыбыз акталбай калат. Беш балам балам, аялым ооруйт. Аларды кантип багууну билбей калдым. Биздин негизги ишенгенибиз пахта болчу. Аны кайда сатабыз эми?»

«АК АЛТЫН» ӨНДҮРГӨНДӨРДҮН ЭМГЕГИ АКТАЛБАЙ КАЛУУ КОРКУНУЧУНДА 

Кечээ алтымышка чукул дыйкан Кара-Суу райондук акимиатына нааразылык билдирип барышкан. Алардын айтымында, дыйкандар буга чейин райондогу беш-алты завод менен жай мезгилинде ар бири канча тонна «ак алтын» өндүрүп берерин айтып, келишим түзүшөт. Бирок заводдор бул жылы канчадан бааланарын алдын ала айтышпайт. Пахта бышкан мезгилде гана аныктап беришет. Дыйкандардын нааразычылыгы дал ушундан келип чыгууда.

Дыйкан Тажибек Садыков пахтанын баасы 50-60 сомдон болуп жатканын, бул баа дыйкандардын эмгегин актабасын айтты.

«Пахтанын түшүмү өтө жакшы эмес, өтө жаман эмес, Кудайга шүгүр болду. Бирок баа маселеси дыйкандарды нааразы кылууда. Бизде беш-алты завод бар. Алар менен жазында «күзүндө ушунча тонна пахта алып өндүрүп беребиз» деп келишим түзөбүз. Бирок алар менен баасы боюнча эч кандай келишим түзбөйбүз. Бизге келген маалыматтар боюнча биржада 1 кг пахтанын баасы 100 сомдун тегерегинде болууда. А бизде 50-60 сомдон болуп жатат».

ДЫЙКАНДАРДЫН НЕГИЗГИ ТАЛАБЫ

Дагы бир дыйкан Болот Аскар уулунун айтымында, дыйкандар пахтаны 100 сомдон жогору кылып берүүнү суранышууда. Ал ошондой эле «ак алтын» арзан, бирок базарда андан чыккан суу май, тоют кымбат болууда.

«Учурда дыйкандардын негизги талабы пахтанын баасын 100 сомдун тегерегинде чечип берсе жакшы болмок. Ошондо гана биздин кылган эмгегибиз акталмак. Анткени жазында жер семирткич 50 сомдон ашык болду, жыл ичинде андан бир канча жолу айдалат. Андан башка да чыгымдар бар. Учурда терим жүрүүдө, ар бир адамга тергенине жараша килограммына 15 сомдон жогору төлөп беребиз. Азыркы баа менен тердирген акчабыз да чыкпай калып жатат. Жүз сомдон болсо, бир аз пайдага чыкмакпыз, болбосо, кайра эле карыз болуп калабыз».

ПАХТА ЗАВОДДОР ЭМНЕ ДЕЙТ? 

Пахта ала турган заводдорго журналист катары эмес, дыйкан катары байланышып көрдүк. Алар азыр пахтанын туруктуу баасы жок экенин, келишимдин негизинде гана алынып жатканын айтышып, башка маалымат берүүдөн баш тартышты.

«Азыркы учурда биз келишим түзгөн дыйкандар менен гана иштешип, ошолордун пахтасын алып жатабыз. Азыр бир баа чечиле элек, качан кандай болуп чечилет, айта албайм. Акчасын бербей эле алып жатабыз, баа чечилгенде гана беребиз».

Айыл чарба министрлиги учурда пахтанын баасы каралып жатканын айтып, жакынкы аралыкта маалымат берилерин билдирди.

ЖК: ДЫЙКАНДАРДЫН МЭЭНЕТИ АКТАЛБАЙ ЖАТАТ 

Дыйкандар мээнети акталбай жатканына нааразы экенин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Айбек Алтынбеков айтып чыккан.

«Былтыркы да, быйылкы да пахтасы кампаларда, пахта заводдорунда турат сатылбай. Эгер Министрлер кабинети жардам бербей кала турган болсо, кийинки жылы пахта эгүү токтоп калышы толук ыктымал. Анда ондогон завод токтойт. А ондогон заводдо жүздөгөн адам иштейт. Өкмөт өзү сатып алабы же сырттан таап келеби? Пахтанын баасы барган сайын төмөндөөдө».

Дыйкандардын айтымында, өткөн жылы 100 сомдон 120 сомго чейин сатышкан. Өлкөдө жыйналган пахта жергиликтүү жана чет элдик компаниялар аркылуу негизинен Түркияга, Кытайга, Орусияга сатылат.

Copyright © 2017 Maral FM