Биз менен байланышыңыз

Экспертиза: Аялдын жана эки баласынын өлүмүнүн себептери аныкталды

Кыска кабар | 27 Окт 2023 | 4803 | 0

Бүгүн, Бишкектеги батирлердин биринен Алтынай Канзаманованы эки баласы менен өлтүрүүгө шектелип жаткан Чынтемир Ашыралиевдин соту өттү.

Отурумда соттук-медициналык экспертиза үч адамдын өлүмү боюнча жүргүзүлгөн изилдөөнүн корутундусун окуп берди.

Алар берген маалыматка караганда, Алтынай Канзаманованын көкүрөгүнө учтуу темир (бычак болушу мүмкүн) сайылып, ал кансырап жатып көз жумган. Канынан алкоголь, спирт табылган эмес.

Он жети жашар кызы катуу жаракат алып, боору жарылып кеткен. Анын да көкүрөгүнө учтуу темир сайылган. Канынан алкоголь, спирт табылган эмес.

Сегиз жаштагы уулун муунтуп өлтүргөн.

Айта кетсек, кандуу каргаша ушул жылдын 16-февралында болгон. Бишкектин 5-кичи районундагы батирлердин биринен 51 жаштагы аял 2005-жылы туулган кызы жана 2016-жылы туулган уулу менен кошо киши колдуу каза тапкан. Кылмышка шектелип, Кадамжай районунун 1986-жылы тургуну, УКМКнын мурдагы кызматкери Чынтемир Ашыралиев кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM