Кыргызстандын чакан жана орто ишканаларын өнүктүрүүгө келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициянын көлөмү (чыгып кетүү агымын эсептебегенде) былтыр 230 млн долларды түздү. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик 32%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, 2018-жылга салыштырганда, бул көрсөткүч 3,3% жогору. Тике чет өлкөлүк инвестициялар негизинен Бишкек шаарындагы, Баткен, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы чакан жана орто ишканаларга келген.
Улуттук статистика комитети өлкөдө чакан жана орто бизнеске четтен салынган инвестиция көбөйгөнүн маалымдады.
Өсүш айыл, токой, балык чарбасы, пайдалуу кендерди казуу, дүң жана чекене соода, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, маалымат жана байланыш, каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөлөрүндө, ошондой эле кесиптик, илимий жана техникалык багыттагы ишканаларда болгону белгиленди.
Орто жана чакан ишкерлер коомунун аткаруучу директору Хализ Кожобеков улуттук статкомдун чакан жана орто бизнеске четтен тартылган инвестиция көбөйдү деген маалыматын четке какты.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес менен алектенген ишкерлерге инвесторлорду тартуу кыйын. Ага карабай бизнесин өнүктүрүү үчүн өздөрү ар жактан каржы булактарын таап жатат.
«Чакан жана орто бизнестеги абал бул статистикага такыр туура келбейт. Статком маалыматты үстүртөн алат. Бул тармакта инвесторлор келбейт. Чакан жана орто бизнес менен алектенген ишкерлер бүт насыя менен иш жүргүзөт. Бүгүнкү күндө базарларда насыя бергендер бар. Күнүнө 0,5 пайыз менен беришет. Товарды алып-сатып, кайра пайызын чыгарып беришет. Бул тармактагы ишкерлер насыяга товар алып, аны сатып жүгүртөт. Айрымдары 5 пайызга чейин акча алышат».
Быйыл Финансы министрлиги чакан жана орто ишкердикти колдоо максатында бюджеттен коммерциялык банктарга 2 млрд сом бөлгөн. Анын негизинде ишкерлер 1 млн сомдон 3 млн сомго чейин пайызсыз насыя алышат. Бирок чакан бизнес ээлери насыя алуудагы кыйынчылыктар жоюла электигин, өкмөт тарабынан коюлган талаптар татаал экенин айтып чыгышкан.
Агроөнөр жай өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев бизнестин кайсы түрү болбосун инвестиция тартуу маанилүү багыт экенин белгиледи.
«Инвестиция алардан мурун дыйкандар, ишкерлер үчүн кепилдик жагы да чоң мааниге ээ. Бул — бүгүнкү күндүн талабы. Инвесторлор биринчи кезекте кепилдик маселесин коёт. Эгер кепилдик бар болсо, биздин инвестиция тартуу тармагы сөзсүз өнүгөт. Массалык маалымат каражаттарынан кызматташтыктын негизинде 1 млрд 850 млн рубль өнөр жай кооперациясы ачылганын уктук. Мындай нерселердин болгону — жакшы кабар. Бирок бул нерсе кантип иштейт, шарттары кандай болот, ушул маселелер зарыл».
Өткөн жылдын күз айынан тарта чакан жана орто бизнес ээлери банктардан пайызсыз насыяларды ала баштаган. Ага бюджеттен 1 млрд 756 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күнгө чейин пайызы жок насыяны 4 миңден ашык ишкер алганы маалым болду.
Ишкер Дүйшөн Казакбаев учурда Кытайдан инвесторлор келип жатканын айтат.
Ал бүгүнкү күндө кытайлык инвесторлор менен иштешип жатканын белгиледи. Ошондой эле инвесторлорго кандай шарттар керектигин айтып берди.
«Кытайдан өнөктөштөр келип жатат. Булар акчаны жумшап, инвестиция кылып жатышат. Алардын укуктарын коргоо керек. Ошондой эле инвестицияларына кепилдик кылуу зарыл. Аларга жагымдуу шарт түзүү боюнча мыйзамдарды иштеп чыгуу керек. Алардын акчаларын коргой турган мыйзамдар керек. Мындан тышкары юридикалык жактан да көйгөйлөр бар. Документтик иштерди жеңилдетсе жакшы болмок».
Буга чейин «Чакан жана орто бизнести ыкчам колдоо» долбоору президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Финансы министрлиги Дүйнөлүк банк менен биргеликте чакан жана орто бизнестерге жардам көрсөтүү максатында ишке кирген.
Демилге 111 млн доллардан ашык каражатка кайтарымдуу негизде пайызсыз каржылык жардам берүүнү көздөйт.
Бул үчүн атайын банктар арасында тандоо жүргүзүлүп, ичинен 11 коммерциялык банк менен келишим түзүлгөн.
Долбоордун мөөнөтү 2027-жылга чейин созулат. Эгер коммерциялык банктар алты айдын ичинде өздөштүрсө, Финансы министрлиги тарабынан кошумча акча каралат.
Статкомдун маалыматына караганда, Кыргызстандын аймагында 17 миңдей чакан жана орто ишкана бар, катталган жеке ишкерлер 442 миңдин, фермердик чарбалар 473 миңдин тегерегинде.