Биз менен байланышыңыз

28-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 27 Окт 2023 | 841 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 28-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу аймактарда карга айланат.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8 , күндүз 20…22 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM