Connect with us

Ысык-Көлдө 150гө жакын мыйзамсыз курулуш буздурулду

Кыска кабар | 27 Окт 2023 | 215 | 0

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Ысык-Көлдүн жээгиндеги 146 мыйзамсыз курулуш буздурулду. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуштун төрагасы Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Жыпаркуловдун маалыматына караганда, анын ичинде 100 метрлик аралыкта жайгашкан жеңил тамактануучу жай, кафе, дүкөн жана пирс жана башкалар бар.

Мамкурулуш тарабынан мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюлуп, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, ал эми соттук процесстер уланууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM