Connect with us

Кадамжайда жерлерди мыйзамсыз сатууга шектүүлөр кармалды

Кыска кабар | 27 Окт 2023 | 361 | 0

Трансформацияланбаган жерлерди турак жай курууга мыйзамсыз берип жиберген фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК жүргүзгөн иликтөөнүн жүрүшүндө Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында жер тилкелерин берүүдө мыйзам бузуулар болгону такталган. Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган айыл аймактын кызматкерлери Д.Д.М., К.А.С., Т.А.С. 2016-жылдан 2023-жылга чейинки аралыкта 61,37 гектар жер тилкесин турак жай курууга берүү үчүн мыйзамсыз чечимдерди чыгарышкан.

Аны менен катар жер тилкесин мыйзамсыз берген фактыларды жашыруу максатында 600,53 гектар жерди мыйзамдаштырууга арыз жазышкан. Иш жүзүндө ал жер 624 гектар экени аныкталган. Мунун ичинен 61,37 гектар жерди берүүдө мыйзамсыз токтомдор чыгарылган, 6 гектар жерди Д.Д.М. 12 таанышына белек кылган, жер мунапыс комиссиясы менен макулдашып, 556,63 гектар жер «жергиликтүү тургундар басып алган» деп киргизип, үйлөр салынып кеткени тууралуу маалыматтар көбөйтүлүп берилген.

Көз карандысыз эксперттер мыйзамсыз берилген 624 гектар жер 1 млрд 63 млн сомго бааланган. Мунун ичинен мыйзамсыз чечим чыгарылган 61,37 гектар жер 103 млн 743 миң 145 сомду түзөт. Учурда 624 гектар жер мамлекеттин балансына алынган.

Айта кетсек, Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын жер маселелери боюнча башкы адиси К.А.С.буга чейин да И.Ж. аттуу адамга жер берүү үчүн 106 миң сом пара сурап, анын 50 миң сомун алып жаткан жеринен кармалган. Анын негизинде башкы адистин турак жайы, аңыз-шалбаасы, «Хундай Портер» унаасы 5 млн 450 миң сомго бааланып, мамлекетке алынган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM