Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан корей компаниясы менен энергетика тармагында кызматташат

Кыска кабар | 27 Окт 2023 | 133 | 0

Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Түштүк Кореянын Starkoff Co. Ltd. компаниясы энергетика тармагында кызматташат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 26-октябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Түштүк Кореянын Starkoff Co. Ltd. компаниясынын президенти Ан Таехо менен жолугушуу өткөргөн.

Кездешүүдө тараптар энергетика тармагын өркүндөтүү, электр энергиясы чыккандан тарта керектөөчүгө жеткенге чейинки эсептөөлөрдүн артыкчылыгы, энергетикада маалыматтык технологияларды колдонуу жана өнүктүрүү жагдайлар талкууланган.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында министрлик менен компаниянын кызматташтыгын күчөтүү боюнча меморандумга кол коюшкан.

Starkoff Co. Ltd. компаниясы 2013-жылы негизделип, электр энергияда IТ-технологиясын колдонуу жана заманбап интеллекттин негизинде электр энергиясына болгон керектөөнү визуалдаштыруу жана талдоо системасын иштеп чыккан.  Аны менен катар компания Корея мамлекеттик KEPCO компаниясынын ишенимдүү өнөктөшү катары ири масштабдуу MDMS үчүн жасалма интеллектти колдонуу менен электр энергиясына болгон талапты изилдөөдө адистешкен. Кореядагы 20 000ден ашуун электр заряддоочу станцияларга ээлик кылган эң ири компаниялардын бири болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM