Биз менен байланышыңыз

ШКУ өкмөт башчыларынын жыйынында соода-экономика көбүрөөк айтылды

Дүйнө , Саясат | 26 Окт 2023 | 1963 | 0

Бишкекте COVID-19дан кийин алгачкы жолу Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны болду. Ага Индия, Иран, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстандын премьер-министрлери катышты. Иран өлкөсү бул жолку кеңешмеге алгачкы жолу ШКУнун толук мүчөсү катары кошулду. Ошондой эле Беларусь, Монголия жана Түркмөнстан байкоочу катары келишкен.

Бул жолку жыйынга Иран өлкөсү алгачкы жолу ШКУнун толук мүчөсү катары катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө дүйнөдөгү болуп жаткан акыркы окуялар, соода- экономика, товар жүгүртүү жаатында маселелер талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында өкмөт башчылар кызматташуунун алкагында 14 документке кол коюшту.

Жогоруда айтылган 14 документ Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык, темир жол, товар жүгүртүү жана 2024-жылы ШКУда «Экология жылын» өткөрүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө кызматташуу жаатында.

Алгач өкмөт башчылар жана ШКУнун башкы катчысы президент Садыр Жапаров менен жолугуп, уюмдун мындан аркы кызматташуусу, коопсуздугу тууралуу сүйлөштү.

Президент менен болгон жолугушуудан соң өкмөт башчылардын кеңири курамдагы жыйыны башталды. Анда Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер Израил-Палестина жаңжалы темасын көтөрдү.

«Мен сөзүмдү эң чоң адамдык көйгөйдөн баштагым келет. Биздин жолугушуубуз Газа тилкесинин коргоосуз, калкы суусуз калып, Палестина Израил режиминин чабуулуна кабылып жаткан учурда өтүп жатат». 

Ошондой эле ал Палестинанын тынч элине каршы адамкерчиликсиз аракеттер экенин айтып, «бул аракет адамзатка каршы кылмыш» деп баалады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан менен ШКУга мүчө мамлекеттер менен соодо-экономикалык кызматташуусу артканын айты. 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга инвестициянын жалпы агымынын 55%ы ШКУ өлкөлөрүнөн келгенин кошумчалады.

Ошондой эле ал Өнүктүрүү банкын жана ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү маселеси көптөн бери талкууланып келгенин, кыргыз өкмөтүнүн көз карашы боюнча, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана ШКУга мүчө мамлекеттердин өз ара эсептешүүлөрүндө улуттук валюталардын үлүшүн мындан ары этап-этабы менен жогорулатууга түз көмөктөшмөк деген пикирин айтты.

Акылбек Жапаров Кыргызстан айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана анын кесепеттерин жумшартуу боюнча кеңейтилген кызматташтыкка көмөктөшүү маанилүү экенин белгилеп өттү.

«Биз климаттын өзгөрүшүнө, абанын жана суунун булганышына каршы күрөштө, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо күчтөрдү бириктирүүнү сунуштайбыз. Бул тармактын маанилүүлүгүн эске алуу менен келерки 2024-жыл «ШКУнун Экология жылы» деп жарыяланды жана бүгүн аны ишке ашыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар планы кабыл алынат. Айыл чарбасы өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт. Климаттын өзгөрүшүнө да таасирин тийгизбей койбойт. Биз казак тараптын ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясы жана үрөнчүлүк чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү Программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү демилгесин колдойбуз».

ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорттук системасын өркүндөтүү эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга жана мамлекеттерибиздин ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө шарт түзөрүн «Кытай — Батыш Азия — Европа» маршруту боюнча Чыгыш менен Батышты бириктире турган «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорунун прогрессивдүү жүрүшүн да Акылбек Жапаров белгилеп өттү.

«Иран түндүк-түштүк жана чыгыш-батыш коридорлору үчүн өзүнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн берүүгө даяр», — деди Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер бүгүнкү жолугушууда.

Ал белгилегендей, транспорт коридорлорун өнүктүрүү — ШКУ мамлекеттеринин өнөктөштүк чөйрөсүндөгү эң маанилүү багыттардын бири. Ал эми Иран транзиттик жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрдүн аймагы болуп саналат, аны өлкө Шанхай Кызматташтык Уюмундагы өнөктөштөрү менен бөлүшүүгө даяр.

«Түндүк-түштүк жана чыгыш-батыш коридорлору Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия, Борбордук Азия, Кавказ, Орусия, Кара деңиз жана Европа өлкөлөрүнүн ортосунда сооданы жолго коюуга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары улуттук валюта менен соодалоого өтүп, жаңы технологиялардын негизинде валюталарды көбүрөөк колдонууга аракет кылышыбыз керек. ШКУ мамлекеттеринин энергетика, технология, өнөр жай сыяктуу тармактарда банктар аралык алмашуу механизмдери жана ШКУнун каржылоосу аркылуу кызматташуусу актуалдуу». 

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Шанхай Кызматташтык Уюмунда бажы процедураларын жөнөкөйлөтүүгө чакырды.

Анын айтымында, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү зарыл. Перспективдүү багыттардын бири — электрондук коммерция. Ар кандай эсептөөлөр боюнча, быйыл ШКУ өлкөлөрүндө электрондук сатуудан түшкөн жалпы киреше бир жарым триллион долларга жетиши мүмкүн.

«Электрондук сооданы колдоо үчүн колдон келгендин баарын кылышыбыз керек, биринчи кезекте бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү. Ал үчүн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин бажы органдарынын жетекчилеринин жолугушуусун өткөрүүнү сунуштайбыз».

Уюмга мүчө мамлекеттердин өнүгүүнү каржылоого болгон муктаждыктарына жооп берүү үчүн ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүүнү алдыга жылдыруу маанилүүлүгүн Кытайдын премьери Ли Цян бүгүнкү жолугушууда баса белгиледи. Ошондой эле ал уюмга мүчө эмес өлкөлөрдүн кийлигишүүсүнө жана саясий тирештерге каршы туруу керектигин жана дүйнөдөгү жана аймактагы болуп жаткан окуяларга көз чаптырып, өз сунушун айтты.

«Биринчи кезекте аймактык коопсуздукка тоскоолдукту бекемдеп, тышкы кийлигишүү аракеттерине жана блоктук конфронтацияга чечкиндүү каршы туруу зарыл, ШКУнун коопсуздук коркунучтарына жооп кайтаруу механизмин мүмкүн болушунча тезирээк өркүндөтүү, аларга катаал чараларды көрүү зарыл. Жамандыктын үч күчү (терроризм, экстремизм, сепаратизм) жана чек арадагы кылмыштуулуктун бардык түрлөрү». 

Ал эми Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов ШКУнун жаңы экономикалык диалогу үчүн программа түзүүнү сунуштады.

«Биримдиктин өлкөлөрү эбегейсиз адамдык, илимий-техникалык жана интеллектуалдык капиталга, бай энергетикалык жана айыл чарба ресурстарына ээ. Ушуга байланыштуу биз жакынкы аралыкта инновациялык өнүгүү, роботтоштуруу жана санариптештирүү, жасалма интеллект, биотехнология, фармацевтика жана башка келечек секторлорун камтыган ШКУнун жаңы экономикалык диалогунун программасын иштеп чыгууну жана кабыл алууну баштоону сунуштайбыз». 

Бул багытты өнүктүрүү үчүн Өзбекстан 2024-жылы жогорку технологиялардын биргелешкен көргөзмөсүн уюштурууну, ШКУга мүчө мамлекеттердин инновациялык өнөктөштүк жумалыгын өткөрүүнү пландаштырып жатат.

2024-жылы Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны Пакистанда болорун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады.

Буга чейин ШКУнун өкмөт башчыларынын жыйыны COVID-19га байланыштуу онлайн форматта өтүп келген.

Copyright © 2017 Maral FM