Connect with us

Тууну өзгөртүү тууралуу ар түркүн пикирлер

Коом , Саясат | 26 Окт 2023 | 1819 | 0

Учурда кыргыз коомчулугунда мамлекеттик тууну өзгөртүү темасы кызуу талкууланып жатат. Демилгени Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов көтөрүп, бул жааттагы токтом долбоорун коомдук талкууга койгон.

Тууну өзгөртүү маселесин мамлекет башчысы менен УКМК төрагасы колдоого алса, коомдук ишмерлер, адабият-маданият, искусство өкүлдөрү каршы чыгышууда. Ал тургай, социалдык тармакта «Кыргызстандын туусунун өзгөрүшүнө каршымын»  флешмобун да баштап жиберишти. 

Туунун элементтерине өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору коомчулукта ача пикирди жаратып турган чагы. Айрымдары муну колдоого алса, дээрлик басымдуу көпчүлүгү каршы чыгууда. Каршы тарап туунун элементи өзгөрсө, паспорт, унаа номуру сыяктуу бир катар документтерди да жаңылоо зарыл болорун, окуу китептери да кайрадан басылып чыгышы керектигин, дагы башка ушул өңдүү бир катар чыгымдарга алып келерин айтышат. Ал тургай, туунун спикер сунуштаган варианты Ирак менен Сириядагы күрддөрдүн «Йезид» этнодиний тобунун байрагына окшоп калганын айтып чыккандар да болду.

Коомдук жана саясий ишмер Эмилбек Каптагаев тууга болгон мамиле туруктуу болушу зарыл деп эсептейт. Ал тууну өзгөртүү менен затында турган коомдогу маселени өзгөртүү мүмкүн эмесин, себеби байланышы жогун белгилейт.

«Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса да» деп, бийлик күндө жаңы туу кабыл алып, 365 күн кылып койсо деле боло берет. Бирок ошону менен мамлекетке, ага таандык символдорго карата мамиле талкаланат. Алардын мааниси кетет. Кийинки келген бийлик, андан кийинкиси да, ар ким  өз туусун көтөрүп чыга берип, бара-бара желекке болгон сый такыр жоголот. Азыркы туунун ашыкча элементи жок, ушул бойдон калышы керек. Тууга карата сыйды укумдан-тукумга калтырып, бекемдеп кетүү — мамлекеттин келечегин караган кишиге абдан туура. Мейли, укмуштуудай кылып байракты өзгөрткөн күндө деле «күн карама» парламент эч өзгөрбөйт. Эч кандай байланышы жок, бул — жөн эле сөз. Эң башкысы, мамлекеттин түркүгүн бекемдөөгө туруктуулук керек. Мисалы, эмне үчүн элдик салт бузулбай укумдан тукумга өтөт? Анткени ал туруктуу, тез өзгөрүп кетпейт».

 Акын Улукбек Омокеев «желектин өзгөрүшүнөн коомдогу башка көйгөйлөр өзгөрүп кетпейт» деген пикирди камтыган ыр саптарын социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Акын менен байланышканыбызда кошумча буларды баяндады:

«Коомдо социалдык тармакта, билим берүү тармагында, айтор, маселе абдан көп. Мындай шартта желектин айланасында ызы-чуу кылып жатышканын туура эмес көрдүм. Биздин желекке көзүбүз көнүп калды. Чет жерде спортчуларыбыз сыймыктануу менен көтөрүп келишкен. Туунун негиздөөчүлөрүнүн бири, маркум Сабыр Иптар уулу менен маектешип калгам. Ал абдан мамлекетчил инсан болчу. Анын чечмелөөсү боюнча, Күндүн нуру түндүк менен коломтонун байланышын камтыган чоң идеяны берип турат. Учурунда чоң эмгек жасалган. Бул ыйлай турган көрүнүш болуп жатат. Эгер тууну өзгөртсө, экономикалык жактан бир топ кыйынчылык болуп калат. Мисалы, документтерди өзгөртүү керек. Анда да жарым документибизде мурунку желек, дагы башка күбөлүгүбүздө башка байрак болуп, эки заманда жашагандай болуп калабыз. Жөн эле убара болуп калабыз. Желекти өзгөрткөн күндө деле аң-сезимди өзгөртүп, ынтымакка келмейинче эч нерсени өзгөртө албайбыз. Ушул жагдайларды ойлонуп отуруп, ыр курадым».

Улукбек Омокеев айтып өткөн туунун негиздөөчүлөрүнүн бири, маркум Сабыр Иптар уулунун жары Бурул Шамбаева мындай учурда жубайынын жоктугуна ичи ачышып турганын айтып, желектин өзгөрүшүнө каршылыгын билдирди. Анын пикиринде, мамлекеттик символду өзгөртүү үчүн тарыхый чоң окуя болушу керек.

«Бул байрак мамлекеттик туу болушу үчүн эмне деген жолдорду, сынактарды өтүп жатып, өлкөбүздүн жүзү болгон.  Мамлекеттин символун өзгөртүү үчүн тарыхый чоң окуя болушу керек эле. Жөн эле өзгөртүп коюу мамлекеттик деңгээлдеги иш эмес деп ойлойм. Желектин өзгөрүшүнө каршымын. Бул кабарды уккандан бери жүрөк тилинип жатат. Эң өкүнүчтүүсү, Сабыр Иптаровдун жоктугу, ал болгондо мүмкүн башка нерселер өзгөрмөк».

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири Жусуп  Матаев туунун азыркы абалында эле калышын каалайт. Ошол эле учурда негиздөөчүлөр бир нерсени чечүү күчүнө ээ эместигине өкүнөт.

«Азыркы вариантында эле калса болмок. Бирок биз авторлор эч нерсе чече албайт экенбиз. Жогору жактан чечип жатышат. Башында Күндүн шооласы түз болчу, «найзанын учундай болуп калды» деп, кайра оңдотушкан. Ошол учурда эле «күн карамага окшош» деп айтышкан. Отуз жылдан бери эл деле көнүп калды. Биздики түндүк тоголок (томпоюп)  болуп турбайбы, аны биздин көчмөн эл эле түндүк экенин түшүнбөсө, башка эл түшүнбөйт. Ошондуктан чет элдиктер  күн карамага окшоштуруп жатат. Азыр кайра жасоого туура келип жатат. Алдыңкы күндө чогулабыз. Ошондо кандай болуп өзгөрөрү белгилүү болот. Эгерде күн карама окшошуп жатат десе, ак өң кылып койсо болот го деп ойлоп жатам. Анда документтерди алмаштырбай деле койсо болот».

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде тууну өзгөртүүнү колдоорун билдирди. Президенттин айтымында, буга чейин эл ичинде тууну күн карамага окшоштуруп, «мамлекетибиз ушундан улам өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалда келатат» деген пикирлер айтылып келген. Ал тургай, чет өлкөдөн келген коноктор да «бул өлкөдө күн карама көп өстүрүлөт турбайбы» деген ойдо калып келишкен.

«Эми чынын айтсак, эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келбедикпи. Ошондуктан туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келгендей. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик тууларынын элементтерин өзгөрткөн өлкөлөр жок эмес, мындай учурлар болуп келген. Депутаттардын демилгесине келсек, жакшылап, маани бере турган болсок, алар туунун концепциясын алмаштырууну демилгелеген жок. Болгону эл сөз кылып келген «күн карамадай болуп калган Күн нурларын оңдоп коёлу» деген ой менен чыгып жатышат». 

Дүйнө жүзү боюнча желегиндеги элементтерди эң көп алмаштырган өлкөлөрдүн катарына АКШ кирет. Алар штаттары көбөйгөн сайын асабасына бирден жылдыз кошуп жүрүп отурушат. Учурда АКШнын желегинде 50 жылдыз бар. Кийинки орунда Ооганстан туруп, бийлик башчысы алмашкан сайын туусу да алмашып турат. Ооганстан туусу баш-аягы 25 жолу өзгөргөн.

Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. 2004-жылдын 17-июлунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM