Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Апышев Баткен облустук сотунун төрагасы болуп дайындалды

Кыска кабар | 26 Окт 2023 | 278 | 0

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун буйругу менен судья Алмазбек Апышев Баткен облустук сотунун төрагасы болуп дайындалды.

Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова облустук соттун жаңы төрагасын эмгек жамаатка жана Баткен облусунун мекеме-ишканаларынын жетекчилерине тааныштырды.

Жыйындын жүрүшүндө Нургүл Бакирова облустук соттун жаңы жетекчисинин ишине ийгилик каалап, жеке кесиптик сапаттарына, билимине, тажрыйбасына жана кызматына жоопкерчилик менен мамиле кыларына көңүл бурду.

Ошону менен бирге сот адилеттигин ишке ашырууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барып, ынтымакта жана биргеликте сот реформасын ийгиликтүү жүргүзүүгө болгон күч аракетин жумшай тургандыгына ишеним жасады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM