Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 26 Окт 2023 | 363 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 27-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 10…15;

Таласөрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15;

Нарыноблусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15.

Бишкектемезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 13…15 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM