Биз менен байланышыңыз

Президент ШКУ жыйынына келген өкмөт башчылар менен жолугушту

Кыска кабар | 26 Окт 2023 | 115 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) жыйынына келген Өкмөт башчылар менен жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө ШКУ эл аралык укуктун, биринчи кезекте БУУнун уставдарын сактаган, адилет тынчтык тартибин калыптандыруу кызыкчылыгында жемиштүү кызматташуу үчүн ишенимдүү платформа катары иш алып барарын белгиледи.

«Дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда ШКУ өлкөлөрү коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушу зарыл. Бул өлкөлөр эл аралык уюмдун жаңы жүзүн калыптандыруу менен өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүп жатканын айта кетүү мен үчүн жагымдуу нерсе. Ушул контекстте ШКУнун аймактык антитеррордук түзүмүнүн позитивдүү ролун айткым келет, ал терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүүдө компетенттүү органдардын кызматташтыгына зарыл көмөк көрсөтүүдө», — деди Садыр Жапаров.

Аны менен катар акыркы эки жылда географиялык жактан кеңейип, Ирандын уюмга кириши, Беларустун ШКУнун толук укуктуу мүчөсү болушу уюмдун дүйнөлүк аренадагы салмагын жогорулатууга мүмкүндүк бергенин айтты. Андан тышкары Кыргызстан үчүн ШКУдагы кызматташуу тышкы саясаттагы артыктыкчылыктуу багыттарынын бири экенине токтолуп, Өкмөт башчыларга бир катар сунуштарды берди.

«Коопсуздук ШКУнун ишмердүүлүгүндөгү приоритеттердин бири болуп саналат. Ушул өңүттөн алганда, ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу механизмин өркүндөтүү жөнүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечимин, өлкөлөрдүн тийиштүү демилгелерин, анын ичинде Кыргызстандын Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борборду уюштуруу демилгесин эске алуу менен ишке ашыруу маанилүү деп эсептейм. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин ШКУнун ишин өркүндөтүү жөнүндө кабыл алынган чечиминин контекстинде модернизациялоо процессин улантуу зарыл. Уюмду кеңейтүү боюнча жасалган процессти эске алуу менен ШКУнун диалог боюнча өнөктөштөрүн биргелешкен долбоорлорго жана иш-чараларга активдүү катышууга тартуу маанилүү деп эсептейм. Буга байланыштуу диалогго катышкан өнөктөштөрүбүз менен кызматташуу боюнча Жол картасын иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун маанилүүлүгү жөнүндө сунушубуз актуалдуу деп эсептелет. Электрондук коммерция, жашыл экономика, соода, финансы жана инвестициялар, маданий жана гуманитардык байланыштар жана өлкөлөрүбүздүн өз ара кызыкчылыгына ээ болгон башка чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты мындан ары бекемдөө боюнча кызматташтыкты күчөтүү зарыл», — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы сөзүнүн жыйынтыгында кеңештин алкагында кабыл алынган бардык документтерди жана программаларды ишке ашыруу маанилүү экенин, ал үчүн Уюмдун алкагында жалпы координациялоо, мониторинг жүргүзүү зарыл болорун баса белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM