Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Кытай менен көмүр тармагында кызматташат

Кыска кабар | 26 Окт 2023 | 265 | 0

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен менен Кытайдын бир катар компаниялары көмүр тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү жана биргелешип долбоорлорду ишке ашыруу максатында документтерге кол коюшту. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен:

1. «Тегене» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен Кытайдын «Горная инженерия Лун» (Hebei Jinsheng MINING ENGINEERING Co Ltd) компаниясынын ортосундагы биргелешип көмүр казууга болгон келишим.

2. «Торугарт» көмүр кендерин биргелешип иштетүү боюнча «Кыргызкөмүр» ишканасы менен «Дунг Сын Эл аралык энергетикалык-соода компания» ЖЧКсы (Shunbaufu Trade and export Trade Corporation КЭРдеги компания) биргелешип көмүр кенин чалгындогоо болгон келишими.

3. «Сүлүктү талаа – 11» көмүр кенин иштетүү жөнүндө «Кыргызкөмүр» ишканасы менен «Томирис-Кен» ЖЧКсынын ортосундагы биргелешип көмүр казууг боюнча келишими;

4. «Эркештам» кыргыз-кытай автомобиль чек арасына ленталык конвейери менен көмүр логистикалык борборун биргелешип куруу боюнча «Кыргызкөмүр» ишканасы менен «Синьцзяндагы Дачэнлунюань энергетикалык» ЖЧК (Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology Co., LTD) компаниясынын ортосундагы биргелегип иштешүү келишими.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM