Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ШКУ өкмөт башчыларынын кеңеши башталды

Кыска кабар | 26 Окт 2023 | 190 | 0

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды.

Алгач делегациялардын башчыларын тосуп алуу жана сүрөткө түшүү аземдери болду.

Жыйындын күн тартибинде ШКУнун ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталган соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү бир катар маанилүү маселелер белгиленген.

Тар жана кеңири курамда өтө турган отурумдун жыйынтыгы боюнча бир нече документке кол коюу пландалган.

Ошондой эле бүгүн КМШга жана ЕАЭБге кирген мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйыны да болот.

Кыргызстан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында өтүп жаткан ШКУ Өкмөт башчыларынын жыйынына Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов, Кытай Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамырат Гелдимырадов, Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар жана Пакистандын тышкы иштер министри Жалил Аббас Жилани катышууда.

Эске салсак, Шанхай Кызматташтык Уюму туруктуу аракеттеги эл аралык уюм болуп саналат. Ал 2001-жылы 15-июнда Шанхайда Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан тарабынан негизделген.

Copyright © 2017 Maral FM