Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Кытай алакасы: Ишкерлерди түйшөлткөн виза маселеси

Саясат , Экономика | 25 Окт 2023 | 1054 | 0

Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цяндын Кыргызстанга расмий сапары кечээ, 24-октябрда башталды. Жолугушуулардын натыйжасында соода-экономика, энергетика, инвестиция, логистика тармактары боюнча жалпы 12 документке кол коюлду. Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цян эртең Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына да катышат. Кыргыз-кытай мамилелери кандай деңгээлде, Кытай Кыргызстанга эмнеге үчүн кызыкдар, кыргыз ишкерлери Кытайдын мүмкүнчүлүктөрүн канчалык пайдаланып жатат?

Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цян расмий сапар менен Кыргызстанга алгач ирет келди. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров жолугушууда бүгүнкү күндө эки мамлекеттин алакасы эң жогорку деңгээлге жеткенин айтты.

«Үстүбүздөгү жыл биздин эки тараптуу мамилелерибиз үчүн абдан активдүү болгонун канааттануу менен белгилегим келет. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыгарууга салым кошконун белгилей кетейин. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасы менен мамилелери эки тараптуу кызматташуунун тарыхында болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетти деп айтууга болот».

Кыргызстан-Кытай өкмөттөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында соода-экономика, энергетика, инвестиция, логистика тармактары боюнча жалпы 12 документке кол коюлду.

Ошондой эле бүгүн 25-октябрда Кытайдын өкмөт башчысы президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болду. Мамлекет башчысы да акыркы жылдары кыргыз-кытай алакасынын активдешүүсү байкалып жатканын, ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарлардын динамикасы буга далил экенин айтты.

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай Кыргызстан-Кытай мамлекеттеринин кызматташуусу бүгүнкү күнү жогорку деңгээлде эмес экенин, 2000-жылдарга чейин тыгыз болгонун айтты.

«Кыргыз-кытай мамилеси эң жогорку деңгээлге жетти деп айта албайбыз. Эки өлкөнүн кызматташтыгы эң жогорку деңгээлде 2000-жылдарда болгон. Ал эми эң начар мамиле 2016-жылы терракт болгон кезде болду. Ошол кезде солгундаган мамиле азыркы учурда акырындык менен түзөлүп, ордуна келе баштады десек болот, бирок жогорку деңгээлде деп айта албайбыз».

Анткени менен Сейтек Качкынбай «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң пайда алып келерин, аны менен катар ишкерлерге, инвесторлорго жаңы жол ачыларын белгиледи.

«Кытайдын жаңы доктринасында сырткы саясатындагы «Бир алкак-бир жол» аркылуу Чыгыштан баштап Батышка чейинки мамлекеттердин башын бириктирип, келечекте бир триллион долларлык соода кылалы» деген максат бар.  Бул жерде Кытайдын негизги максаты бир алкак аркылуу товарларын сыртка сатууну, алкактын ичиндеги энергоресурсун өз өлкөлөрүнө оңой алып келүүнү көздөйт. Биз «Пекин-Бишкек-Ташкент» темир жолун бүтүрүп алуубуз керек. Бул келечекте 500 миңден бир миллионго чейин жумушчу орун түзүп берет. Өлкөгө миллиарддаган инвестиция алып келмек. Ошондуктан болгон күчтү жумшап, бүткөрүүгө аракет кылуубуз зарыл».

Учурда Кытайдын Гуанчжоу провинциясындагы «Кантон» көргөзмөсүндө жүргөн ишкер Айбек Сарыгулдун айтымында, кыргыз ишкерлери үчүн Кытайда чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Бүгүнкү күндө кытай ишкерлери өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүп, экспортко чыгарууга кызыкдар болуп жатат.

Аны менен катар Кытайдан Кыргызстанга электрондук-техникалык жабдуулар, унаалар көп келерин, алар Кыргызстан аркылуу башка жактарга сатканга кызыкдар болуп жаткандарын байкаганын кошумчалады.

«Азыркы учурда Кытайдан Кыргызстанга ар түрдүү электроунаалар, электрондук техникалар абдан көп кетип жатыптыр. Кыргызстанга кирип, андан ары Орусияга кетип жатат. Муну баары эле маалым. Андан сырткары унааларды, электрондук техникаларды Кытай Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө сатууга кызыкдар экенин көрүп жатам. Бул жактан түз Орусия менен соода кылгысы келгендер азыраак экенин байкадым. Ошондуктан Кыргызстан аркылуу соода кылсак деген ойлору бар ишкерлер көбүрөөк экен. Ушул багытта иш алып барсак жакшы болмок деп ойлойм».

Айбек Сарыгулдун билдиришинче, Гуанчжоуда болуп жаткан көргөзмөгө Кыргызстандан да ишкерлер келиши күтүлгөн, бирок виза маселеси жаралып, келе албай калган.

JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу Кантон көргөзмөсү дүйнөдөгү эң ири ишкерлердин чогулган аянты экенин айтып, JIA бизнес-ассоциациясына мүчө болгон 50 ишкердин ичинен Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан беш ишкерге бизнес-визасын бергенин билдирди. Ал кыргыз ишкерлери Кытайга кирүүгө виза алууда кыйын болуп жатканын, эмне үчүн виза берилбей калганынын да себебин билүү мүмкүн болбогонун кошумчалады.

«Ишкерлер үчүн Кытайга кирүүдө виза алуу маселеси кыйынчылык жаратууда. Мисалы, Гуанчжоудагы Кантон көргөзмөсү дүйнөнүн ар кайсы тарабынан ишкерлер чогулган дүйнөдөгү эң ири көргөзмөлөрдүн бири болуп саналат. Ал жерде ишкерлер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр каралган, чет өлкөдөгү чоң компаниялар менен келишим түзүп, иштегенге жакшы шарт болмок. Ага Кыргызстандан да жүздөгөн ишкер бармак, тилекке каршы, визадан маселе жаралып, бара албай калгандар көп болду. Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин критерийлери менен ала албай калды. Эмне себептен виза берилбей калганын суроого да мүмкүнчүлүк жок».

 Аззамбек Жээнбай уулунун айтымында, айрым өлкөлөрдө атайын ишкерлер үчүн кызматтык паспорт бар, аны менен ишкерлер 37 өлкөгө визасыз кирип, ишкерлигин өнүктүрүп, инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк ачылат.

Кыргызстанда да ишкерлерге атайын кызматтык паспорт берүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатканын, бул кабыл алынса, ишкерлер үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи.

«Кытайдын айрым жарандарына Кыргызстанга визасыз кирүүгө уруксат берилгени маалым болду. Ошондой эле биздин Экономика министрлигибиз өзүнүн сайтына бизден да айрым ишкерлерге атайын критерий менен кызматтык паспорт берүү демилгеси каралып жатканын жарыялады. Бул — ишкерлер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Албетте, мунун да өзүнүн талаптары бар. Алар жумушчунун саны 35тен жогору болушу керек, салык төлөмү 15 миллиондон ашык болгон ишкерлерге берилет. Алар муну менен 37 өлкөгө кире алат. Анын ичинде визасыз кирсе боло турган өлкөлөр да бар».

Өзбекстандын Самарканд шаарында былтыр сентябрда ШКУ саммитинин алкагында «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында «Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад» багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM