Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропорту учак жылытуучу техникаларды сатып алды

Кыска кабар | 25 Окт 2023 | 214 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту учактарды жылытуучу универсал техникаларды сатып алды. Мындай атайын техникалар көп жылдардан бери сатып алынган эмес.

Аэрпорттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, атайын жабдуулар аэродромдун ачык паркинг зонасында муздан арылтуу жана ар кандай типтеги жана категориядагы учактардын кыймылдаткычтарын, канаттарын, учактардын ичтерин жылытуу үчүн колдонулат.

Универсал моторлуу жылыткычтар учуунун коопсуздугуна, адам өмүрүнүн коопсуздугуна, абадагы жүргүнчүлөрдүн жана техникалык персоналдын ден соолугуна, айлана-чөйрөсүнө таасир этпейт, ошондой эле аба кемелери жана жарандык авиациянын башка объекттери менен техникалык жана технологиялык шайкештикти, функционалдык мүнөздөмөлөрдүн туруктуулугун, аба кемесинин коопсуздугун камсыз кылат.

«Бул универсал жылыткычтар — кыш мезгилинде абдан керектүү жабдыктардын бири. Анткени бул жылыткычтар менен учактардын ичин, учактардын кыймылдаткычтарын жана канаттарын жылытууга болот. Бул 3 атайын техниканын бири «Манас» эл аралык аэропортунда калат, ал эми эки техника «Ош» жана «Каракол» эл аралык аэропортторуна жиберилет», — деди аэропорттун өндүрүш иштери боюнча директору Бактыбек Бекбача уулу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM