Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Кытай өкмөттөрү 12 документке кол коюшту

Кыска кабар | 25 Окт 2023 | 259 | 0

Кытай Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрү кеңейтилген курамдагы сүйлөшүү жүргүздү. Андан соң тараптар 12 документке кол коюшту.

1. КР Министрлер кабинети жана КЭР Өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташуу программасы;

2. КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана КЭР Коммерция министрлигинин ортосундагы санариптик экономика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташууну тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

3. КР Экономика жана коммерция министрлиги менен КЭР Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» (III фаза) долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколу;

4. Бишкек жана Чэнду шаарлары ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди орнотуу тууралуу келишим;

5. КР Улуттук банкы менен China Construction Bank Corporation ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

6. КР Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен Hebei Jinsheng Mining Engineering Co., Ltd компаниясынын ортосундагы «Тегене» көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө макулдашуу;

7. КР Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Томирис-Кен» ЖЧКсынын ортосундагы «Сүлүктү талаа-11» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;

8. КР Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен Kashi Shunbaofu Trade and Еxport Trade Corporation кытай компаниясынын ортосундагы «Торугарт-1» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;

9. «Эркечтам» кыргыз-кытай унаа чек арасына жакын жер тилкесинде ленталык конвейердик логистикалык көмүр борборун биргелешип куруу боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;

10. «Кыргызстанга кубаттуулугу 3 ГВт чейин шамал электр станцияларын куруу жөнүндө» КР Энергетика министрлиги менен Goldwind Science and Technology Co., Ltd компаниясынын ортосундагы макулдашуу;

11. «Кыргызстанга Күн электр станцияларын куруу жөнүндө» КР Энергетика министрлиги менен Molin Energy Company Limited компаниясынын ортосундагы макулдашуу;

12. КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жана Delong Steel Group Co., LTD компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM