Биз менен байланышыңыз

Президент Кытайдын өкмөт башчысын кабыл алды

Кыска кабар | 25 Окт 2023 | 191 | 0

Президент Садыр Жапаров Кытай мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цянды кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Айта кетсек, Кытайдын премьери Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына карата кечээ, 24-октярбда Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты. Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн алакасы артып баратканын белгилеп, саясий ишенимдин жогорулоосу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болорун айтып өттү.

Андан тышкары «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу, транспорттук-логистика долбоорлору, энергетика жаатында кызматташуу, инвестиция маселелери сүйлөшүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM