Биз менен байланышыңыз

26-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 25 Окт 2023 | 725 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 26-октябрда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18,

Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы 7…9, күндүз 18…20 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM