Биз менен байланышыңыз

ЖК Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууну жактырды

Кыска кабар | 25 Окт 2023 | 192 | 0

Жогорку Кеңештин жыйынында «2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев тааныштырды.

Анын айтымында, фонд Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун өлкөлөрүндө приоритеттүү бизнес-долбоорлорду каржылоо үчүн ресурстук база болуп саналат. Фонддун уставдык капиталы 500 миллион АКШ долларын түзөт.

Кыргызстандын үлүшү 70 млн долларды түзөт жана 3 жылга республикалык бюджеттен төлөнөт. Фонддун уставдык капиталын толуктоо графигине ылайык, 5 млн доллар өлчөмүндөгү каражаттар Фонддун уюштуруучулары тарабынан акционерлердин уюштуруу чогулушунан кийин 90 күндүн ичинде баштапкы салым катары төлөнөт.

«Калган үлүштөр жыл сайын 18, 23 жана 24 миллион долларлык үч транш менен төлөп беришет», — деди Малаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM