Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын жаранын Тажикстанга экстрадициялоодон куткарып калышты

Кыска кабар | 25 Окт 2023 | 164 | 0

Акыйкатчы институту менен Тышкы иштер министрлиги И.А. аттуу Кыргызстандын жаранын Орусиядан Тажикстанга экстрадициялоодон куткарып калышты. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Тажикстандын Мургаб айылында туулган этникалык кыргыз И.А. 2010-2013-жылдары Тажикстан Куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөн. 2013-жылы Кыргызстанга келүүгө аргасыз болгон. Ошол эле жылы Тажикстанда И.А.га «аскер бөлүгүн жана кызмат ордун өз алдынча таштап кетүү» беренеси менен иш козголуп, издөө жарыяланган.

И.А. Кыргызстанга келгенден кийин этникалык кыргыз катары жарандык алган. Ушул жылы чет жерден иштеп келүү максатында Орусияга бара жатканда Тажикстан тарап козгогон кылмыш иштин негизинде чек арадан кармалып, Алтай крайынын Рубцовск транспорттук прокуратурасына өткөрүп берилген. Ал жерден 40 күнгө тергөө абагына камакка алынган.

Бул жагдайга байланыштуу этникалык кыргыздар Жамиля Жаманбаевага кайрылуу жолдошкон. Ишти өз көзөмөлүнө алган акыйкатчы Кыргызстан жаранынын Тажикстанга экстрадицияланып кетишине жол бербөө чакырыгы менен тиешелүү органдарга кайрылуу жолдогон.

Натыйжада Тышкы иштер министрлиги, Акыйкатчы институту жана Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулдугу биргеликте чара көрүшүп, И.А.ны бошотуп алууга негиз болгон бардык документти топтоп беришкен.

Рубцовск транспорттук прокуратурасы берилген документтерди карап чыгып, Орусия мыйзамдарына ылайык, И.А.ны жоопко тартуу мөөнөтү 2019-жылдын 6-августунда эле аяктаганын эске алып, аны абактан бошотуу чечимин чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM