Биз менен байланышыңыз

Кышкы кабыл алуу: ЖРТга онлайн каттоонун бүтөрүнө 3 күн калды

Кыска кабар | 25 Окт 2023 | 133 | 0

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 27-октябрга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.

Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга онлайн каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.

Ведомстводон кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТга катышуу орто билимге же кесиптик орто билимге ээ адамдарга гана уруксат берилерин эскертет. Ал эми 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө (мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү (акыркы) курстарынын окуучуларына, жогорку окуу жайлардын студенттерине) уруксат берилбейт.

Каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер:

  • Паспорт (паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
  • Орто билим же кесиптик орто билим жөнүндөгү аттестат;
  • ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;
  • Талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.

Онлайн каттоо боюнча сурап-билүү номерлери: (0312, 0502, 0500, 0550, 0770) 66-48-38.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM