Биз менен байланышыңыз

«Чет элдик өкүл» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Кыска кабар | 25 Окт 2023 | 345 | 0

25-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Жыйында мыйзам долбоорунун автору депутат Надира Нарматова баяндама жасагандан кийин төрага Нурланбек Шакиев сунуш-пикирлер болсо, экинчи окууга чейин жазуу түрүндө берүү керектигин айтып, документти талкуусуз добушка койду жана көпчүлүк колдоду.

Буга байланыштуу «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутат Гуля Кожокулова сынга алып, парламенттин регламенти сакталбай калганын эскертти.

Буга чейин Жогорку Кеңеште парламенттик угуу болгон. Ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандар жана алардын бирикмелери, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан.

«Чет элдик өкүл» мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинде биринчи окууда колдоо тапты.

Демилгечи депутат Надира Нарматова өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жалпы коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчеттуулукта ачык-айкын көрсөтүлүшү керектигин айтты.

Ошондой эле бардык уюмдар «чет өлкөлүк агент» деп табылбай турганын кошумчалады. Мындай уюмдарды жылына бир жолудан көп эмес пландуу текшерүүнү сунуштоодо.

«Чет элдик өкүл» түшүнүгүн киргизүү сунушталган мыйзам долбоорунун демилгечилери катары төмөнкү депутаттар көрсөтүлгөн:

Надира Нарматова, Жылдыз Садырбаева, Гүлшаркан Култаева, Жаныбек Кыдыкбаев, Нурбек Алимбеков, Кундузбек Сулайманов, Карим Ханжеза, Жусупбек Коргонбай уулу, Айбек Маткеримов, Таалайбек Сарыбашов, Фархат Исмаилов, Аманкан Кенжебаев, Искендер Матраимов, Замирбек Мамасадыков, Нурлан Ражабалиев, Алишер Эрбаев, Жеңишбек Токторбаев, Максатбек Сарбагышев, Султанбай Айжигитов, Айгүл Айдарова, Элдар Сулайманов, Акылбек Түмөнбаев, Арсланбек Малиев.

Башында мыйзам долбооруна демилгечи болгон топтон бир катар депутаттар чыгып кеткен.

2022-жылы «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова 2016-жылы каралып, колдоо таппай калган бейөкмөт уюмдарга «чет элдик агент» макамын берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун кайрадан демилгелеген.

Юристтер бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

16-сентябрда 120 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттарын «чет элдик агент» жөнүндөгү мыйзамды четке кагууга чакырышты. Алар өздөрүнүн кайрылуусун социалдык тармактарга жарыялашкан.

Copyright © 2017 Maral FM