Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасында УКМК кызматкерлерине кол салышты (видео)

Кыска кабар | 25 Окт 2023 | 773 | 0

Кыргыз-өзбек чек арасында УКМК кызматкерлерине кол салуу болгонун Атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 23-октябрда Сузак районундагы «Бек-Абад» чек ара бекетинин жанында мыйзамсыз акча алмаштыруу менен алектенген кыргыз-өзбек улутундагы адамдардын ортосунда жапырт мушташ чыккан. Окуя болгон жерге барган УКМК кызматкерлери чатакты видеого тартып алышкан.

УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы улуттар аралык чатакка жол бербөө максатында мушташ чыгаргандарды тергөөгө чакырган. Бирок 1971-жылы туулган И.Д.Э. органга келүүдөн баш тарткан.

24-октябрда айтылган адамды үйүнөн алып кетүүгө келген УКМК кызматкерлерине үй-бүлөсү кол салып, кызматтык унааларга таш атышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси (бийлик өкүлүн коркутуу же зомбулук көрсөтүү) менен иш козголуп, И.Д.Э. жана И.Э.Д. аттуу адамдар УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын тергөө абагына камакка алынган.

УКМК улуттар аралык жаңжал чыгаргандарга, ага катышкандарга катаал чара көрүлөрүн эскертет. Учурда кармалган адамдар сурак берип жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM