Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-монгол кызматташтыгы талкууланды

Кыска кабар | 24 Окт 2023 | 237 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө жумуш сапары менен келген Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолукту.

Анда кыргыз-монгол кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланышы талкууланды.

Акылбек Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатуунун, Монголия, Кытай жана Кыргызстандын ортосунда автомобиль транспорту боюнча үч тараптуу макулдашууну түзүүнүн жана Азия автомобиль жолдору боюнча эл аралык автотранспорт боюнча азыркы макулдашууга кошулуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Монголиянын премьер-министри соода-экономика, тоо-кен, транспорт, айыл чарба жана башка тармактарда кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

Министрлер кабинети менен Монголия өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жана илим тармагында кызматташуу жөнүндөгү макулдашуу;

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Монголиянын Инвестиция жана соода агенттигинин ортосундагы кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандум.

Монголиянын премьер-министри Кыргызстанга 23-октябрда келди. Ал 26-октябрда Бишкек шаарында боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Copyright © 2017 Maral FM