Бишкек-Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Төө-Ашуу ашуусунда №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек — Ош унаа жолунун 81 чакырымында (Төө-Ашуу, Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.
«Кыргызавтожол» ишканасы жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайт.