Биз менен байланышыңыз

Карыз тууралуу маалымкатты онлайн алууга болот

Кыска кабар | 24 Окт 2023 | 610 | 0

Жарандар салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары тууралуу маалымкаттарды онлайн ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Карыздар тууралуу онлайн маалымкат алуу үчүн cabinet.salyk.kg сайтындагы жеке баракчага кирүү керек. 

Бул сервис көрсөтүлүп жаткан салык кызматтарынын сапатын жакшыртуу, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү көбөйтүү, ошондой эле салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуулук жаратуу жана убакытты үнөмдөө максатында киргизилген.

Жеке кабинет аркылуу маалымкаттардын төмөнкү түрлөрүн алууга болот:

– кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыгы боюнча карыздын бар-жоктугу жөнүндө маалымкат;

– салык, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча карыздардын бар же жоктугу жөнүндө маалымкат.

Cabinet.salyk.kg жеке кабинетинен маалымкат алууга арыз берүү үчүн «МСК менен кат алышуу» бөлүмүн тандап, «Маалымкаттар» рубрикасына өтүү керек.

Карыз жөнүндө маалымкат салык органы суроо-талапты алгандан кийин эки жумушчу күндүн ичинде иштелип чыгып, берилет.

Маалымкат түздөн-түз салык төлөөчүнүн жеке кабинетине жөнөтүлөт жана кагаз жүзүндөгү документтей эле юридикалык күчкө ээ болот.

Copyright © 2017 Maral FM