Биз менен байланышыңыз

Пакистандын NLC компаниясы Бишкекке өкүлчүлүгүн ачат

Кыска кабар | 24 Окт 2023 | 168 | 0

Пакистан улуттук логистика корпорациясы (NLC) жакынкы убактарда Бишкекке да өкүлчүлүгүн ачат. Мындай маалыматты Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Агенттиктин өкүлдөрү Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам жана Пакистан улуттук логистика корпорациясынын башкы директору Фаррух Шахзад Рао менен жолугушуу өткөргөн.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан тарап өлкөдөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү долбоорлор боюнча маалымат беришкен. Анын ичинен айрыкча Нарын жана Кызыл-Кыя шаарларына логистикалык борбор ачуу ыңгайлуу болорун, себеби өлкөнүн ири соода өнөктөштөрү Кытай менен Өзбекстанга чектешип турарын айтышкан.

Пакистан тарап жакынкы арада Бишкек шаарына компаниянын өкүлчүлүгү ачыларын, ал Пакистан-Кыргызстан соода өнөктөштүгүнө, өлкөлөр аралык жүк ташууга, заманбап технологиялар аркылуу транспорттук-логистикалык борбор түзүүгө жардам берерин маалымдашкан.

Пакистан улуттук логистика корпорациясы (National Logistics Corporation — кыскача NLC) — Пакистандагы алдыңкы мультимодалдык-логистикалык уюмдардын бири. Ал 1978-жылы негизделип, учурда кырктан ашык мамлекет менен кызматташат. Корпорация негизинен жүк ташуу, курулуш, чек ара терминалдары, маалыматтык технологиялар жаатындагы долбоорлор менен алектенет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM