Биз менен байланышыңыз

Исхак Раззаковдун кызы Кыргызстанга көчүп келди (сүрөт)

Кыска кабар | 23 Окт 2023 | 688 | 0

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Раззакова Кыргызстанга көчүп келди.

Бүгүн президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Раззакова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда президент Садыр Жапаров ага Кыргызстандын жаранынын паспортун жана жалпы жарандык паспортун тапшырып, ошондой эле белек катары Эльмира Раззаковага Бишкектин борборунан жашоого бардык шарттары бар батир сатып алынганын билдирди.

Мамлекет башчысы жылуу баарлашууда кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу инсандын кызы менен жолугушуп жатканына абдан кубанычта экенин билдирди.

Эльмира Раззакова буга чейин Москва шаарында жашап келген.

Copyright © 2017 Maral FM