Connect with us

Кулубаев Борбор Азия+Евробиримдик министрлеринин жолугушуусуна катышат

Кыска кабар | 23 Окт 2023 | 320 | 0

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 23-октябрда Люксембург шаарында өтө турган Борбордук Азия жана Европа биримдигинин министрлеринин жолугушуусуна катышат.

Иш-чарага 5+27 форматында Борбордук Азия жана Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери катышат. Бул иш-чара мындай форматта биринчи жолу өткөрүлүүдө.

Жолугушуунун максаты, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пландарды белгилөө, ошондой эле глобалдык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу.

Мындан тышкары, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү максатында, Жээнбек Кулубаев Люксембургдун, Австриянын, Финляндиянын, Даниянын тышкы иштер министрлери жана Эл аралык өнөктөштүк боюнча Европа комиссары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM