Connect with us

Бишкектеги орус драма театрында сахна кийимдери өрттөнүп кеткен

Кыска кабар | 21 Окт 2023 | 396 | 0

Кечээ, 20-октябрда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынан өрт чыгып, ал 16:42де толук өчүрүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген.

Бул боюнча театрдын директору Сергей Бардаков «Инстаграм» баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, өрттөн эч ким жабыркабаганын айтты. Өрт электр зымдарынан чыгып, 6-7-кабаттар өрттөнгөн. Учурда капиталдык оңдоодон өтүп жаткан 2-3-4-кабаттарды өрт чалган эмес.

«Тилсиз жоо» сахна кийимдери тигилүүчү цехтин коридорунан башталган. Андан айрым костюмдар, бут кийимдер күйүп кеткен. Калган кийимдер складда болгондуктан сакталып калган.

Театр ошондой эле күйүктүн жытынан улам көрүүчүлөрдү кабыл алуу мүмкүн эмесин, андыктан 20-21-октябрга белгиленген «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» спектаклинин премьерасы 2-ноябрга жана 26-ноябрга которулганын кабарлады. Ал эми «Уста менен Маргарита» спектакли боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.

Бишкек: Ч. Айтматов атындагы орус драма театрынан өрт чыкты

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM