Connect with us

Бишкек: Свердлов райондук сотунун судьясы пара алууга шектелип камалды

Кыска кабар | 21 Окт 2023 | 300 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Акылбек Адимовду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери пара алууга шектеп, 17-октябрда кармашкан. Андан соң Башкы прокуратура шектүүнү жоопко тартуу сунуштамасын Судьялар кеңешине жөнөтүп, алар 20-октябрда макулдук беришкен.

Шектүү Акылбек Адимовдун бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, 17-декабрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарышкан.

Судья Акылбек Адимов 2022-жылы Кыргызстандан чыгарылган журналист Болот Темировдун ишин караган. Буга чейин эки-үч жолу кылмышка шектелип, бирок соттон акталып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM