Connect with us

ТИМ Кыргызстандын жарандарын Израилден, Ливандан чыгып кетүүгө үндөдү

Кыска кабар | 21 Окт 2023 | 231 | 0

Тышкы иштер министрлиги палестин-израил согушу курчуп баратканына байланыштуу Израилде жана Ливанда эмгектенип жатышкан Кыргызстандын жарандарын ал өлкөлөрдөн чыгып кетүүгө чакырды.

Ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы мындай кырдаалда сак болууну эскертип, бул аймактардагы өлкөлөргө барбай турууга үндөдү.

Министрлик күтүүсүз кырдаал жаралган же шашылыш суроолор пайда болгон учурда консулдук департаменттин +996 999 312 002 номерине байланышууну өтүнөт.

Айта кетсек, согуш башталган алгачкы күндө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Израилде жашаган токсонго чукул мекендеш катталганын, аларды алып чыгып кетүүгө аракет көрүлүп жатканын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM